ЖАШАР II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жаш болуу, мурдагысынан бир кыйла жаш көрүнүү. Сексендеги Байымбет, Жигит болуп жашардым (Тоголок Молдо). Эркекыз жашарып кетти (Байтемиров). 2. Жаңыруу, жаңы түргө келүү, жаңыча болуу, жаңыланып өзгөрүү. Эмне үчүн кишилер карыйт, турмуш жашарат? (Сыдыкбеков). 3. Жаңыдан көгөрүү, жашылдануу, жашыл түргө бөлөнүү, бүр байлоо, көк жашаң чөп чыгуу. Жер жаандан кийин кулпунуп жашара түштү (Бейшеналиев). Бактын да жашарып турганы сонун белем (Сыдыкбеков). Жазда баары жашарып, Байчечекей гүл ачты (Тоголок Молдо).